Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Аба ырайы: кээ бир аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-августта түнкүсүн жана эрте менен Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20 , күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG