Коронавирус жуктуруп алып азыр дарылануудан өтүп жаткан бейтаптардын 99% вакцина албагандар. Бул тууралуу 24-августта Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Нурматов Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштаганын, ошого карабастан ар бир адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу керектигин, себеби вирус жаңы болгондуктан ал толук изилденип бүтө электигин кошумчалады.
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду.
Бүгүн 24-августта бул илдет менен 199 бейтап жаңы катталды. Июндун башында бир күндө 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.
Учурда республиканын бардык аймактарында “Спутник V”, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.
Эмделгендер 1 миллиондон ашты. Алардын 377 миңи вакцинанын эки дозасын тең алды. (RK)