Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Нурматов: COVID-19 боюнча абал турукташууда, бирок дале этият болуу зарыл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташып келе жатат, бирок ошого карабастан этияттыкты улантуу зарыл, себеби бул вирус толук изилденип бүтө элек. Бул тууралуу 24-августта Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди:

«Бул жерде эң чоң роль элдин өзүндө болду. Өкмөттүн, дарыгерлердин сунушун сактап, вакцина алып, ооруну азайтышты. Вакцинага каршы маалыматтарга карабастан эмдөөгө ишенгендер көпчүлүк экени кубандырат. Медицина кызматкерлери ооругандардын арасынан каза болгондордун саны аз болушуна шарт түзүштү”.

Нурматов азыр ооруп жаткандардын 99% вакцина албагандар экенин белгилеп, эпидемиологиялык кырдаал жакшырганына карабастан абайлоо керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 174 миңден ашты, алардын 2,5 миңи каза болду. Бүгүн 24-августта бул илдеттен дагы беш адам көз жумду, 199 бейтап жаңы катталды. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG