Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

"Талибан" Ооганстандын башкаруу кеңешин түзөт


"Талибандын" саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар.
"Талибандын" саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар.

"Талибан" кыймылы 12 адамдан турган Ооганстанды Башкаруу кеңешин уюштура турган болду.

Бул тууралуу Foreign Policy агенттиги маалымат таратты. Басылманын маалыматында, Башкаруу кеңешине “Талибандын” саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар, кыймылдын негиздөөчүсү молдо Омордун уулу, аскердик комиссиянын башчысы Мухаммед Якуб, "Хаккани тармагы" террордук тобунун жетекчиси Халил аль Рахман Хаккани кирди.

Ошондой эле басылма талибдер Панжшердеги каршылык көрсөтүү кыймылынын башында турган Ахмад Масудду дагы мына ушул башкаруу кеңешине киргизүү сунушталганын белгилейт.

Маалымат булагынын айтымында, “Талибан” Ооганстанда жеке адамдын бийлигине негизделген президенттик кызматты калыбына келтирүүнү каалабайт. Бирок ошол эле кезде министрлик кызматтар мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнө сунушталышы мүмкүн экени айтылды.

Мындан сырткары талибдер эл аралык коомчулук кабыл алып, ал үчүн ыңгайлуу боло тургандай администрация түзүүнү көздөп жатканы айтылды.

Буга чейин Панжшердеги каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масуд Ооганстанда бардык тараптардын кызыкчылыгын камтыган, бирдиктүү жана кеңири форматтагы инклюзивдүү өкмөт түзүүнү талибдерге сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG