Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Токиодо Паралимпиадалык оюндардын ачылышы болду


Токио. Паралимпиадалык оюндардын ачылышына даярдык.
Токио. Паралимпиадалык оюндардын ачылышына даярдык.

Жапониянын баш калаасы Токиодо XVI Паралимпиадалык оюндар 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Майыптыгы бар спортчулар Паралимпиадалык оюндарда спорттогу жогорку даярдыгын көрсөтүшөт.

Жапониянын Императору Нарухито кечке жуук оюндарды расмий түрдө ачып, анын ачылыш аземине аягына чейин катыша турганы кабарланды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө ылайык, стадиондогу 68 миң ордун көпчүлүгү бош боло турганы эскертилди.

Бул жолку Токиодо өтчү Паралимпиадалык оюндарга 162 командага таандык 4400 спортчу катышат. Анын арасында качкындар тобунун спорттук командасы да бар.

Спортчулар жыйырма эки спорттун түрү боюнча мелдешет. Анын ичинен биринчи жолу бадминтон жана тхэквондо боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Паралимпиадалык спортчулар кадимки олимпиадалык спортчулар сыяктуу эле эрежелерди карманып, тест тапшырып, беткап тагынып, чектөөлөрдү сактай турганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG