Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Лавров: Орусия Борбор Азияга америкалык армиянын жайгашканын каалабайт


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ армиясынын Борбор Азияда болушу менен ал аймак бутага алынышы мүмкүн экенин, муну расмий Москва каалабай турганын билдирди.

Лавров 24-августта Будапеште Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында, "мурунку советтер союзундагы Борбор Азия мамлекеттери менен Орусиянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында “жалпы коопсуздук мейкиндиги” бар" деди. Лавров Вашингтондун ооган качкындарын Борбор Азияга жайгаштыруу сунушу аймактын стабилдүүлүгүн бузат деп кошумчалады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Кытай, АКШ жана Пакистан менен биргеликте Ооганстанда жаралган кризисти чечүүгө даяр экенин билдирди.

Өзбекстан менен Тажикстандын аймагына ооган качкындары кирип, атайын лагерь уюштурулган.

Талибдер Кабулду колго алгандан кийин Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган жайкын тургундар көбөйгөн. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдөн 75 миңден ашуун киши чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG