Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

15-сентябрдан баштап мектептер кадимки режимде иштейт

Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери 15-сентябрдан кадимки режимде иштеп баштайт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 25-августтагы жыйынында кабыл алынды.

Жыйында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 2021-2022-жаңы окуу жылында мектептер бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен иштерин билдирди. Анын айтымында, окуу башталганга чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин 70% эмдөө пландалып жатат. Учурда мугалимдердин 55,8% COVID-19га каршы эмделди.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми жашыл аймактагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген.

Эксперттер онлайн окуу балдардын билим алуусунун сапатына терс таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Өлкө боюнча 2310 мектеп бар. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG