Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

ТИМ: Ооганстандан дагы 10 кыргыз жараны эвакуацияланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстандан дагы 10 кыргызстандык эвакуацияланды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, 25-августта Орусиянын колдоосу менен Ооганстандын борбору Кабулдан Чүйдүн Кант шаарына атайын учак менен 10 кыргыз жараны, арасында майда балдар жеткирилди.

Жалпысынан Ооганстанда абал курчугандан бери бул өлкөдөн 36 кыргызстандык эвакуацияланды.

Бул өлкөдө дагы канча кыргызстандык бар экени расмий айтыла элек.

Кыргызстанда террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG