Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кабул аэропортундагы жардыруудан ондон ашуун киши каза болду


Кабул аэропортунун айланасында топтолгон адамдар. 26-август, 2021-жыл.
Кабул аэропортунун айланасында топтолгон адамдар. 26-август, 2021-жыл.

Пентагон жана Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 26-августта Кабулдагы аэропорттун сыртында жардыруу болду.

"Биз Кабул аэропортунун жанында жардыруу болгонун ырастайбыз. Курмандыктардын саны азырынча белгисиз. Кошумча маалыматты кийин беребиз", - деп Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 26-августта "Твиттерге" жазды.

"Рейтерс" агенттиги АКШ бийлигиндеги өз булагына таянып, жардырууну жанкечти террорчу уюштурганын билдирди. Ал эми талибдер кеминде 13 киши көз жумганын, арасында балдар дагы бар экенин кабарлады.

Al Jazeera маалымат агенттиги коопсуздук кызматтарындагы булактарына таянып 11 киши каза болгонун маалымдады.

Ал эми CNN каналы Пентагондогу булактарына шилтеме жасап, жардырууда кеминде үч америкалык аскер жарадар болгонун билдирди.

Азырынча жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчиликти моюнуна ала элек. Соңку жылдары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Ооганстан менен Пакистандагы бөлүмү көп адам өмүрүн алган жардырууларды уюштуруп келген.

Буга чейин АКШ жана бир катар башка мамлекеттер өз жарандарын Кабул аэропортунан оолак болууга чакырган. Британия бийлиги аэропорттун тегерегинде террордук чабуул уюштурулушу мүмкүн деген "ынанымдуу маалыматтар" бар экенин эскерткен.

Ушул күндөрү көп мамлекеттер Ооганстандан өз жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды чыгарып кетүү аракетин көрүп жатышат. Кабулдагы Хамид Карзай атындагы аэропорттун тегерегинде сыртка чыгып кетүүнүн айласын көрүп, миңдеген адамдар топтолуп турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG