Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жалал-Абад шаарында жол кире кымбаттады


Жалал-Абад автобазасы
Жалал-Абад автобазасы

Жалал-Абад шаарында 1-сентябрдан тарта коомдук транспорттун - автобустардын жол киреси 10 сом болот. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазанын жетекчиси Искендер Мейманкулов 26-августта “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жалал-Абад шаарына Кытайдын колдоосу менен 15 автобус берилген. Бүгүнкү күнү алардын бешөө жарактан чыккан. 8 автобус каттамга чыгат, калган экөө резервде турат. Ремонт иштерине 300 миң сом сарпталып, 10 автобус жумушка даярдалды.

“Жол кире 10 сом болот. Анткени, биздин чыгым акталбай жаткандыктан жол кирени 8 сом кылуу демилгеси менен шаар тургундарына кайрылсак, эл 10 сом ыңгайлуу экенин айтты. Бул тариф шаардык кеңешке сунушталып, кабыл алдынды”, - деди Мейманкулов.

Жалал-Абад шаарында 110 миңден ашык калкты сегиз автобус ташыйт. Облус борборунун калкын жана анын конокторун ташууга дагы 70 автобуска муктаждык бар. (BT/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG