Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Кызыл-Кыяда экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу талкууланды


Кызыл-Кыя шаарындагы жыйын.
Кызыл-Кыя шаарындагы жыйын.

Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын башынан бери диний экстремизмге байланышкан беш учур катталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди .

24-26-август күндөрү милициянын демилгеси менен шаардын активисттери, мечит имамдары катышкан терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Бул иш-чара улуттар аралык кастыкты козутуунун, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулган. Андан сырткары жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги да айтылды.

Кызыл-Кыя шаар аймагында өткөн жыл ичинде экстремизимге байланышкан үч учур катталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG