Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Жапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айтты


Казакстандын аскердик унаасы, жарылуу болгон аймак.
Казакстандын аскердик унаасы, жарылуу болгон аймак.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

"Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

26-августта кечки саат жетилерде Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө катуу жарылуу болуп, өрт чыккан.

Казакстандын Коргоо министрлигинин малыматына таянып “Азаттык” радиосунун казак кызматы беш аскер кызматкери каза болуп, ондогон адамдар жараат алганын жазды. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жарылуунун себептери иликтенүүдө.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG