Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

28-августтун аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

28-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 31…33 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 20…22 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG