Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:50

Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн спорт оюндары өтөт


Ысык-Көл. Архивдик иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Архивдик иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл жээгинде КМШ (Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги) жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) уюмдарына мүчө мамлекеттердин жыйырманчы спорт оюндары өтөт. Бул тууралуу маалымат КМШ аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды.

4-12-сентябрга пландалып жаткан эл аралык иш-чарага КМШдан жана Кытай, Монголия, Пакистан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышат.

Жалпысынан 2 миңдей катышуучу спорттун 20 түрү (мини футбол, волейбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, сумо, мас-рестлинг, армрестлинг ж.б.) боюнча таймашат.

Быйылкы оюндардын девизи – «Азия – шериктештик жана тынчтык аймагы». Ачылыш салтанаты 5-сентябрда Бактуу-Долоноту айылында өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG