Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Чек ара чырында жабыркагандарга жардам катары 34 миллион сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарга бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик бюджеттен 34 миллион сом бир жолку материалдык жардам катары бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 27-августта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, акчалай жардам 122 адамга бөлүндү. Алардын 30у каза болгондордун жакындары, 92си жабыркагандар:

“Келишимдер бар ортодо. Жарандар кайсы жерде болбосун, Бишкекте, Нарында же Баткенде болобу, “РСК-банктын” ошол жердеги бөлүмүнө кайрылып, акча каражатын алып алса болот”.

Солтонбекованын айтымында, мындан тышкары 75 адамга ай сайын 3700 сомдон социалдык жөлөкпул төлөп туруу үчүн бир жылга 3,3 миллион сом талап кылынат. Бул акча ата-энесинен айрылган 18 жашка чейинки курактагы балдарга, жалгыз баласынан ажыраган улгайгандарга жана түрдүү жараат алгандарга берилет.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG