Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, рекорд койду


Владислав Шуликону Балыкчы шаарынан тосуп алышты.
Владислав Шуликону Балыкчы шаарынан тосуп алышты.

Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан алты күн ичинде сүзүп өтүп, рекорд койду. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону бүгүн 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталды.

"Азаттыктын" "Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?" деген суроосуна спортчу "Эң жакшы!" деп жооп берди.

Ал эми атасы Эдуард уулунан кам санабаганын айтты:

"Бир да секунда күмөн саноо жаралган жок. Уулум алдына койгон максатына дайыма жетип келатат".

Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, демөөрчүлөр, жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү, жакындары тосуп алышты.

Сууда сүзүү боюнча спорт чебери Владислав Шулико Караколдон бери 180 чакырымдан ашуун аралыкты өзү сүзүп өттү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик белгилегендей, бул дистанция олимпиадалык 3600 бассейнге барабар.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрүштү.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

Владислав Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG