Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Эрдоган: талибдер Түркияга Кабул аэропортун башкарууну сунуштады


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

“Талибан” кыймылынан Анкарага Кабул эл аралык аэропортунун жарандык башкаруусун колго алуу сунушу түшкөнүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында айтканын Anadolu агенттиги кабарлады.

“Талибдер Кабул аэропортун башкарууну бизге сунуштады. Кимге? Бизге. Коопсуздукту камсыздай турганын айтышты. Ал эми аэропорттогу жарандык жөнгө салуу иштери менен алектенүүнү бизге сунуштап жатышат. Биз азырынча жооп бере элекпиз”, - деди ал.

Кабул эл аралык аэропортуна жакын жердеги жанкечтилердин эки ирет жардыруусунан жүздөн ашуун адам каза таап, 150 киши жаракат алды. Бул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети тобу" моюнуна алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG