Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Баткен: Президент жаңы үйлүү болгон чек ара тургундары менен жолукту


Президент Садыр Жапаров Максат айылында.
Президент Садыр Жапаров Максат айылында.

Баткенде Лейлек районунун Максат айылында быйыл жазында чек ара окуясында жабыркаган 84 үй-бүлө жаңы курулган үйлөрүнө кирип жашай башташты. Бүгүн 27-августта айыл тургундары менен президент Садыр Жапаров жолукту.

Мамлекет башчысы чек ара чырында каза болгон 36 жергиликтүү тургундун жакындарына көңүл айтып, өкмөт мындан ары да жардамын улантарын, таза суу, жол, бейтапкана, бала бакча маселелерин чечүү үчүн бардык аракет жасаларын айтты.

Президент Түркия өкмөтүнө Баткендеги талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди жана мамлекет тийиштүү эмерек сатып алууга жардам берерин кошумчалады.

Ал эми Баткен районундагы 40 үй, президент билдиргендей, сентябрдын ортосуна чейин бүткөрүлөт.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG