Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Бишкекте 30-31-августта казак-кыргыз акындарынын айтышы өтөт


Кыргызстандын эгемендүүдүгүнүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышынын афишасы.
Кыргызстандын эгемендүүдүгүнүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышынын афишасы.

30-31-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эл аралык казак-кыргыз айтышы өтөт.

XIV эл аралык айтыш Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып уюштурулган.

Байге фонду үч миллион сомду түзгөн бул айтышка Казакстандан сегиз акын катышат. Алар: Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эржеңис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов.

Ал эми кыргыз акындарынан Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев катышат.

XIV эл аралык айтыштын тандоо туру 20-августта “Манас” кинотеатрында өткөн. Анда республикадан жалпы 44 акын катышып, 8 акын кийинки турга жолдомо алган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG