Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Венгрияда кытай университетинин курулушуна байланыштуу референдум өтөт


Будапештте кытай унтверситетин курууга каршы чыккандар, 2-июнь, 2021-жыл.
Будапештте кытай унтверситетин курууга каршы чыккандар, 2-июнь, 2021-жыл.

Венгриянын шайлоо мекемеси Будапештте кытай университетинин курулушуна байланыштуу референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын баш калаанын мэри 30-августта билдирди.

Будапешттин мэри Гергей Карачон Фейсбук баракчасына Улуттук шайлоо комиссиясы бул маселени референдумга алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жазды. Ал шайлоо комиссиясынын чечимин эч ким сотко даттанбаса, референдум өткөрүү үчүн 200 миң кишинин колун топтоо кийинки айда башталарын айтты.

Референдум белгиленсе, анда премьер-министр Виктор Орбандын «Фидес» партиясы басымдуулук кылган парламент кабыл алган мыйзамды жокко чыгарууга макулсуңарбы деген суроо коюлмакчы.

Мажар парламенти кытай университетинин кампусун 2024-жылга чейин куруп, ага кетчү 1,5 миллиард долларды Кытай банкынан алууну жактырган. Мэр Карачон баш болуп, бул долбоор канчалык ачык-айкын жана академиялык эркиндикти камсыз кылат деп чочулашат.

Будапештте мажар өкмөтү Бээжинге өтө эле ылым санайт деп нааразы болгондор буга чейин демонстрацияларга чыгышкан.

Өкмөт болсо Фудан университетинин кампусу венгриялык жана чет элдик студенттерге мыкты билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ишендирүүдө.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG