Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Абактагы беларус блогери Рим папасынан жардам сурады


Игорь Лосик
Игорь Лосик

Беларуста абакта отурган блогер Игорь Лосик Рим папасы Францискке кат жолдоду. Анда бир жылдан бери тергөө абагында кармалып турган блогер понтификтен Александр Лукашенконун режиминин репрессиясынын курмандыгы болгон миңдеген беларустарга колдоо көрсөтүүнү суранган. Лосиктин катынын үзүндүлөрүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосу жарыялады.

Гомелдеги тергөө абагында турган Игорь Лосик католик чиркөөсүнүн башчысынан жүздөгөн үй-бүлөлөргө кайгы алып келген коркунучтуу адамдарды токтотууну суранган.

Коомдук тартипти бузду деген негизде өткөн жылдын июнь айында кармалган 24 жаштагы Лосикти Amnesty International уюму бул абакты "кыйноонун синоними" деп атаган. Ал буга чейин бир нече жолу ачкачылык жарыялаган. Быйыл жазында Лосикке карата жаңы айыптар тагылганда өз тамырын кесүүгө аракет кылганы кабарланган.

Беларуста өткөн жылдын 9-августундагы добуштар бурмаланган президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык иш-чаралары өтүп, анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалды. Бир нече активист, журналисттер кесилди.

1994-жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко былтыр БШК тарабынан шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG