Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

"Эл үмүтү" социалдык саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асылкүл Сасыбаеваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Тамара Кененсариеваны дайындаган.

Бүгүн, 1-сентябрда БШК парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” жана "Ыйман Нуру" саясий партияларынан да келип түшкөнүн маалымдаган. Ага чейин "Социал-демократтар", “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия" , "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Жашылдар", "Жаратман Эл" партиялары билдирген.

Жетинчи чакырылышка парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. (КЕ)

XS
SM
MD
LG