Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

БШК: Дагы үч партия шайлоого катышуу ниетин билдирди


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип дагы үч партия Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды. Алар "Актив", "Бийлик элге" жана "Акыйкат Кыргызстан" саясий партиялары. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны ушул убакытка карата 13кө жетти.

Буга чейин "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман Эл", "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү социалдык саясий партиядан" жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG