Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

“Ийгиликке кадам” медиафорумунун сайты иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 2-сентябрда “Ийгиликке кадам” медиафорумунун расмий сайты иштей баштады. Форум 8-9-сентябрда Нарын шаарында өтөт.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштуруп жаткан жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болот. Медиафорумга бардык аймактардан жалпысынан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналист жана медиа адис катышат.

Кыргызча жазган журналисттердин маселелерин талкуулаган жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууну көздөгөн "Ийгиликке кадам" медиафоруму ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. Алгачкы жыйын 2019-жылы Ош шаарында өткөн.

Экинчи медиафорумду өткөрүүгө IFEX, USAID, IFES, Kyrgyz Concept уюмдары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси көмөк көрсөтүүдө.

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо алкагында облустардагы мамлекеттик телерадиокомпаниялар жана гезиттер өз алдынча медиа-борбор болуп бириктирилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG