Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

АКШ тажик-ооган-өзбек чек арасы тууралуу долбоорун жарыялады


АКШнын Тажикстандагы элчилигинин имараты.
АКШнын Тажикстандагы элчилигинин имараты.

Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги 1-сентябрда жарыялагандай, соңку айлары кырдаал курчуп турган тажик-ооган-өзбек чек арасында чек ара бекети курулат. Дипломатиялык мекеме долбоордун пайдубалын куруу 2022-жылдын башына боолголонуп жатканын билдирди.

"Жаңы чек ара бөлүгү Шахритусдагы эски объектинин ордуна курулат жана коркунуч жаралса аскерлерди чек аралаш аймактарга тезирээк жөнөтүүгө шарт түзөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал бекетте бир нече чек арачылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жайгаштырылат.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери учурда коопсуздук үчүн кооптонуп турушат. Ошондой эле, талибдерден качкан түмөндөгөн качкындардын агымынан чочулашат.

"Тажикстан менен АКШ коопсуздук жаатында тыгыз кызматташууда жана бул долбоор биздин Борбор Азиянын жана Тажикстандын коопсуздугун жана көз карандысыздыгын сактоого болгон ынтызарлыгыбыздын дагы бир мисалы", - деди АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Поммершайм.

Ошондой эле, билдирүүдө 2002-жылдан бери АКШ Тажикстанга коопсуздук жаатында 300 миллион долларлык жардам көрсөткөнү белгиленет. Расмий Москва Ооганстан жактан кандай гана коркунуч жаралбасын, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүн коргоого убада кылган. Орусиянын Тажикстанда жана Кыргызстанда аскердик базалары бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG