Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Грузияда коронавирустан каза болгондор жогорку чекке жетти


Грузиядагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган дарыгерлер.
Грузиядагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган дарыгерлер.

Грузияда соңку бир суткада коронавирустан 86 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Инфекция үч миңден ашуун адамдан аныкталды.

Грузияны ушул тапта коронавирустун төртүнчү толкуну каптап жатат. Адистер аны "катастрофалык" деп аташууда.

Эксперттер эпидемиологиялык кырдаалдын кескин начарлашын коронавирустун "дельта" вариантынан көрүп жатышат. Август айында Грузия вирустун жайылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыккан.

Бийлик буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты. Ага ылайык, коомдук транспорт 13-сентябрга чейин жүргүзүлбөйт. Окуу жайларда сабактар 4-октябрда башталат.

3,7 миллион калкы бар Грузияда коронавируска каршы вакцинация 15-мартта башталган. Андан бери толук эмдөөдөн калктын 15% өттү.

Буга чейин бул мамлекеттин бийлиги коронавируска каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүп, башка өлкөлөргө үлгү катары айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG