Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Түркиянын белгилүү актрисасы Мерием Үзерли Бишкекке келди


Мерием Үзерли "Даңазалуу доор" кино-сериалында Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган.
Мерием Үзерли "Даңазалуу доор" кино-сериалында Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган.

Asian World Film фестивалы жана Aitysh USA бирикмеси жыл сайын Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Азия аймактык телесериалдар үчүн сыйлык уюштуруларын кабарлады.

Бул долбоордун бет ачары бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте өтүүдө. Ага немис-түрк актрисасы Мерием Үзерли келип катышууда.

Теги түркиялык, Германияда жашаган актриса "Даңазалуу доор" кино-сериалында тарыхый инсан Хүррем султандын ролун аткарып, дүйнөгө таанылган.

Asian World TV Series аттуу сыйлыкты тапшыруу 2022-жылдын май айынын баш жагына белгиленип жатат. Анын алкагында телесериалдар тандалып, кино тармагындагы белгилүү режиссер, актер, актрисалардын катышуусу менен өтөт.

Бул долбоорду Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана ЮНЕСКОнун ыйгарым укуктуу өкүлү Садык Шер Нияз, ишкер Шухрат Ибрагимов негиздеди. Садык Шер Нияз "Айтыш фильм" киностудиясынын да негиздөөчүсү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG