Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу сот отуруму уланууда


Айзаданын өлүмүнө байланыштуу 5 адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу 5 адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшү боюнча сот отурумун улантты.

Мамлекеттик айыптоочу Айзаданы уурдоого катышы бар делген беш адамды 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды.

Сот отурумунун жыйынтыгы али чыга электигин Канатбекованын үй-бүлөсүнүн адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" маалымдады.

Уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованы кыйнап өлтүргөнү айтылган Замирбек Теңизбаевге карата кылмыш иши 25-майда "кылмышкер өз жанын кыйды" деген негизде кыскарган.

Милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тергеп жатат.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу беш киши кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Быйыл 5-апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG