Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Билим берүү министрлиги: окуучулар беткап тагынууга милдеттүү эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окуучуларга мектепте маска тагынуу талабы коюлбайт, бирок сунуштама берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мектепке кирерде окуучулардын дене табын текшерүү, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.

"Бет кап тагынуунун дагы өзүнүн эрежелери бар. Балдарга милдеттүү деп айткан учурда дагы алар 5-6 күн бир масканы чечпей кийиши мүмкүн. Аны көзөмөлдөө кыйын. Ошондуктан биз маска боюнча сунуштама гана берип жатабыз", - деди Абдылдаева.

Буга чейин министрлик окуучуларга форма талап кылынбай турганын билдирген.

Окуучулардын жана тарбиялануучулардын көпчүлүгү үчүн дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик мектептер менен бала бакчалар 15-сентябрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт. Министрлик педагогикалык курамдын басымдуу бөлүгү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүгүнө байланыштуу ушундай чечимге келген. Абдылдаеванын белгилешинче, мугалимдердин 73% вакцина алган. Ал эми эмдөөдөн өткөн бакчалардын кызматкерлери 80% жетти.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. Жеке менчик бала бакчалар, мектептер иштеп баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG