Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Кумтөр иши" боюнча камакка алынып, кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты адвокат Амантур Абдырахманов "Азаттык" радиосуна ырастады.

"Бабановдун ден соолугуна байланыштуу жана башка жагдайларды изилдеп туруп баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Анан тергөөчүнүн уруксаты менен дарыланууга чыккан. Кыргызстанга келгенине 1-2 күн эле болду. Ден соолугу жакшы, бирок калыбына келүү үчүн дарылануусун бул жакта улантат", - деди жактоочу. Ал Бабановдун эмнеси ооруганын айткан жок.

Өмүрбек Бабанов дарылануу үчүн 5-августта чет өлкөгө чыгып кеткен. Анын кайсы өлкөгө кеткени айтылган эмес. Бир катар ЖМКлар ал Бишкек - Москва каттамы боюнча учканын жазышкан.

"Кумтөр иши" боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда камактан бошотулган. Атайын кызмат Бабановдун ден соолугу начарлап кеткенин жана чет өлкөдө медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулары бар экенин көрсөткөн медициналык документтер алынганын билдирген.

УКМК Бабанов шектүү деп эсептелген "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын билдирип келет.

Бабановду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 31-майда "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыптап кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп келет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Кумтөр ишинин" алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерге кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG