Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Айдоочуну аткан окуяга байланыштуу 22 милиция кызматкери жоопко тартылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарында айдоочуну аткан окуяга байланыштуу Ички иштер министрлигинин 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

"Азыр төрт кызматкер УКМКнын тергөө абагында. Ички иликтөө кызматы териштирүү жүргүздү. Анын негизинде 22 кызматкер жоопко тартылды. Анын ичинен бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилди. Тогузу кызмат ордунан бошотулду. 12си тартип жазага тартылды", - деди Абдиев.

27-августтун кечинде Бишкек шаардык кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкери аткан октон жаракат алган адам ооруканага жетпей жан берген. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы алгач тараткан маалыматта эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткени айтылат. Көп өтпөй социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тараган. Анда айдоочу менен чогуу үч-төрт милиционер сүйлөшүп турганы, ок чыккан учурда алар ошол жерде болгону көрүнүп турат.

Ок чыгарган милиционер 28-августта кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Ага карата Жазык кодексинин 321-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти УКМК тергеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG