Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Жыл башынан бери 1,3 миллион тоннадан ашык көмүр казылды


Кара-Кече.

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр казылды. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылган. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Калкка көмүр берүү 15-сентябрдан башталат. Ал эми Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) көмүр ташуу токтоосуз жүрүп жатат.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул.

"Кыргыз көмүрдүн" маалыматына караганда, өткөн жылы ушул мезгилде 1 млн. тоннадан ашуун көмүр казылган.

Эксперттер Кара-Кече көмүр кенинде быйыл иш солгун экенин белгилешкен. Августтун башында тазалоо иштери гана бир аздан жүрүп жатканы болбосо, көмүр казуу иши токтоп турганын, кышка даярдыктар али баштала электигин айтышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG