Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

ӨКМ: Кеминде токойдон өрт чыкты


Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. 7-сентябрь, 2021
Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. 7-сентябрь, 2021

Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токойунда өрт чыкты.

Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт. Өрт өчүрүүгө министрликтин жана облустук башкармалыктын ыкчам топтору, 60ка чукул куткаруучу тартылды. Мындан сырткары токой чарба кызматынын 25 өкүлү жана жергиликтүү тургундар көмөк көрсөттү. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери жүрүүдө.

Экологдор Кыргызстандагы токойлордун саны барган сайын кыскарып жатканына тынчсызданып келишет. Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% токойлордон турат. Азыркы тапта мамлекеттик органдар токойлорду каттоого алууда. Мындай каттоо 2010-жылы, башкача айтканда дээрлик 10 жыл мурда жүргөн.

Мамлекеттик токой фондунун кармагындагы жерлерде 2019-жылы 16 өрт чыгып, 213,7 гектар жер күйүп кеткен. Анын жарымынан көбү токой болгон. Өрттүн айынан мамлекет 227 миң сомдой чыгым тарткан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG