Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

ИИМ Нарматова Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн министрликтин Тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдары Интернетте укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу боюнча мониторинг жүргүзүп жатат. Анын алкагында Нарматованын билдирүүлөрүндө мыйзамга каршы келген чакырыктар табылганы кабарланды.

“Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган фактылар аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен катталып, тергелип жатат. Министрлик шектүү кайсы билдирүүлөрү үчүн айыпталып жатканын тактаган жок.

Активист Орозайым Нарматованы 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармашкан.

Ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы ондук тизмесине кирип, шайлоого катышкан.
Президент Садыр Жапаров абакта жатканда активдүү колдоочусу болгон. Жапаров октябрь окуяларында бийликке келгенден кийин анын саясатын кескин сындап келген. Ал бир канча күн мурда Кыргызстанга жакын тууганын жерге берүү үчүн келип, кайра Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.

Айрым саясатчылар активисттин кармалышын айыптап, анын бошотулушун талап кылышууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG