Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

"Адам жана коом" предмети үчүн онлайн окуу китеби жазылат


"Алтын түйүн" академиясынын тарбиялануучулары. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
"Алтын түйүн" академиясынын тарбиялануучулары. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мектептериндеги “Адам жана коом” предметинин мугалимдери үчүн юридикалык клиникалар атайын окуу китебин иштеп чыгышат. Китеп онлайн түрүндө кыргыз жана орус тилдеринде жазылууда. Атайын сайтка жарыяланган бул китеп бардык аймактардагы мугалимдердин окуучуларга укук жөнүндө интерактивдүү сабак өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун автору жана Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын президенти Артур Бакиров демилге мектептерде укук тууралуу маалымат жетишсиздигинен улам көтөрүлгөнүн билдирди.

“Укуктук сабаттуулук мектепте “Адам жана коом” сабагынан башталат. Бирок азыр бул предмет укук жөнүндө терең маалымат бербейт. Окуучуларга мыйзамдарды колдонуу жана алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүү боюнча үйрөтө турган материалдар жок. Укуктук материалдарды жеткиликтүү жана көрсөтмө курал аркылуу түзүү укуктук терминологияны түшүнүүнү жеңилдетет”.

Демилгечилердин маалымдашынча, сайт ноябрь айында ишке кирип, мугалимдер менен мектеп окуучулары үчүн жеткиликтүү болмокчу.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда бардык билим берүүчү мекемелер 15-сентябрда иштей баштайт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG