Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

"Бир чокоюм эрип кетти"... Мончонун күлүнө күйгөн баланын абалы оор


Караколдогу жеке менчик мончонун күлү төгүлгөн жайдан күйүк алган кичинекей наристе Бишкекте дарыланууда. Наристенин ата-энеси коопсуздук эрежесин сактаган эмес деп мончонун ээсин күнөөлөп жатат.

Азыр жети жаштагы бала Бишкектеги төртүнчү шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүндө.

Дарыгерлер баланын денесинин 20% жакыны күйүп, таманындагы тарамыштары да катуу жабыркап калганын айтышууда.

"Мен дөңгө чыгып ойноп жаткам, анан тайып кетип кулап кеттим. Бутум катуу ооруду, канады, мен үйгө чейин араң басып келдим. Бир чокоюм эрип кетти, бири бутумда калыптыр", - деп айтып берди ал.

Жети жаштагы Багдад бир үйдүн тун уулу. Азыр ага биринчи операция жасалды.

21-августта Багдад өзү, беш жаштагы иниси жана кошунанын баласы менен Караколдун Кашка-Суу кичи районундагы үйдүн жанында ойноп жүргөн. Көп кабаттуу үйдүн артында анча бийик эмес дөңсөөдө ойноп жатып, аңга төгүлгөн көмүрдүн ысык чогуна кулап кеткен. Эки буту, эки колу күйүп, ыйлап келе жаткан баласын кошуналары көргөнүн апасы Фарида Темирбаева айтып берди.

"Мен үйдө бала эмизип отургам. Бир убакта кошунам кирип келип эле "балаңды автоунаа тебелеп кетиптир" деди. Мен эмне деп айтарымды билбей эшикке чуркап чыксам, баламдын бир бутунда чокою бар, бир буту жылаңаяк, канап бакырып ыйлап келиптир. Буттары кызыл эле эт экен, аябай жаман болуп, ыйлап ийдим. "Тез жардам" чакырттык, аңгыча бизди көргөн байкелер ооруканага жеткирели силерди деп машинесине салып, ооруканага алып барышты. Дароо кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты".

Милиция иликтөөнү баштады

Аңга көмүрдүн күлүн жеке менчик үйдө мончо иштеткендер төккөн. Багдаддын атасы Ыйман Жеңишбек уулу ал жер мончо ээсинин менчиги эмес экенин билдирди.

"Анын үйүнүн тегерек-чети корулган, бир дагы жылчык жок. Андан мурун деле мончону жаккандан калган күлдү үйдүн сыртына алып чыгып төгүп жүрчү экен. Ал аңды бир дагы жолу жаап, коопсуздук эрежелерин караган эмес. Анан биздин окуя болгондон кийин чок төккөн жерди дароо жаап, түздөп коюптур. Бизге алгач келип, баланы каралашам деген сыяктуу сөздөрүн айткан, андан кийин такыр эле жок болуп кетти. Анын үстүнө “Мени мэрия текшерип атат, алар менен иштеримди бүткөндөн кийин анан силерге келем” деп койду. Демек, ал киши мэрия менен иштерин бүтүрүп туруп, биз менен иши жок болуп калат. Мындан ары да мончодон чыккан ысык күлдү балдар ойногон, эл малын жайган жерге төгө берет".

Мындан улам Жеңишбек уулу прокуратурага мончонун ишин толук текшерип берүү үчүн арыз жазган. Бирок Каракол шаардык прокуратурасы азыркы мыйзамдарга ылайык, жеке ишкерлердин ишмердигин текшергенге укугу жок экенин айтып, эч нерсе кылган эмес.

"Баламдын ден соолугу баарынан маанилүү, каражатка деле байланбайм. Бирок мен органдар коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн мончо ээсин жазага тартышы керек деп ойлойм. Менин баламдан башка дагы канча адам жабыркашы керек? Биз милицияга арыз жазганбыз, тергөө иштери башталды", - деди Жеңишбек уулу.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов окуя боюнча жабырлануучу тарап 2-сентябрда арыз менен кайрылганын билдирди. Анда арыз ээси 21-август күнү саат 15:20 чамаларында жети жаштагы баласы “Кашка-Суу” мончосунан чыгарылган күлгө буту жана колу күйүп калганын билдирген.

"Бул окуя боюнча Каракол милициясы алгачкы сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Жогоруда көрсөтүлгөн мончонун артында эч кандай тосмолор жана эскертүү белгилери жок болгону аныкталган. Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди Токтосунов.

"Денесинин 17% күйүп калган"

Жети жаштагы бала Бишкектеги 4-шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып жатат.
Жети жаштагы бала Бишкектеги 4-шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып жатат.

Азыр Багдад Жеңишбеков Бишкектеги №4 шаардык ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып жатат. Аз күн мурун ага биринчи операция жасалып, эми экинчисине даярдык көрүлүп жатат. Комбустиолог-хирург Үмөтбай Жантороев учурда баланын абалы оор экенине токтолду.

"Денесинин 17% күйүп калган. Оң бутуна операция жасап, терисин трансплантация кылдык. Ал эми сол бутуна жакынкы күндөрү операция жасалат. Бала аябай коркуп да калган, колдорунун манжалары, эки бутунун салаалары жана таманы катуу күйгөн. Азыр абалы оор бойдон калууда, жалаң дары менен кармап атабыз", - деди ал.

Жантороев ошондой эле, баланын таман тарамыштары катуу жабыркап калгандыктан, кийин көйгөй жаралышы мүмкүн экенин кошумчалады. Бейтап жылда реабилитациядан өтүп турушу керек.

Мончонун ээси Дастан Курманбеков баланын ата-энеси дагы жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айтып, окуя болгонго чейин чынында мончодон чыккан күлдү үйүнүн сыртына төгүп жүргөнүн моюнуна алды.

"Бала ойногон жер менин үйүмдүн артында жайгашкан. Илгери Советтер Союзу мезгилинде унаа токтотуучу жай катары колдонулуптур. Кийин арак ичкен жерге айланып кеткендиктен, аңды түздөп коёюн деп күл төгүп аткам. Бала түшүп кеткенден кийин ал жерди мэриядан келип түздөп, тазалап кетишти. Мен баланын ата-энесине алгач жардам берип жаттым. Азыр мени мэриядан, прокуратурадан келип текшерип атышат. Ошол текшерүүлөрдөн колум бошобогондуктан балага жардам бере албай турам. Негизи мен күл төгүп жүргөн жер мага карабайт, ал муниципалдык жер. Юристтер менен кеңешсем, баланын ата-энеси да күнөөлүү деп атышат, себеби алар уулун караган эмес".

Жети жаштагы Багдад 21-августтан бери ооруканада. Алгач Каракол шаарында дарылап, кийин 2-сентябрда Бишкекке которулган. Дагы эки ай ооруканада болорун дарыгерлер кошумчалады. Ал быйыл мектеп босогосун аттайм деп турган.

XS
SM
MD
LG