Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди


Кытай вакцинанын 150 миң дозасын жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.
Кытай вакцинанын 150 миң дозасын жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

Кытайдын Синьцзян-уйгур автоном району Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардамын жөнөттү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы, жүк 13-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортуна келип түшкөнүн кабарлады.

Гуманитардык жүк 3 млн. даана бир жолу колдонулуучу бет кап, 100 миң даана N95 медициналык маска, 20 миң коргонуучу костюмдан турат. Аны министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов кабыл алды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келгенин билдирген. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 177 миңден ашты, алардын эки жарым миңден көбү каза болду. Инфекцияга каршы 1,2 млн. ашуун киши эмделди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG