Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Шереметтин ишин караган судьянын сөөгү табылды


Шереметтин өлүмү боюнча соттук жараян
Шереметтин өлүмү боюнча соттук жараян

Белгилүү журналист Павел Шереметтин өлүмү боюнча ишти караган судья Виталий Писанецтин сөөгү Киевдин четиндеги айылдан табылды. Анын кандай жагдайга каза болгону тууралуу кеңири маалымат жок.

Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросу “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону дайын болду.

Писанец Шереметтин өлүмү боюнча ишти карап, кармалган айыпталуучулардын абактагы мөөнөтүн бир нече жолу узарткан эле.

2016-жылдын 20-июлда Киевде Павел Шереметтин машинеси жардырылып, өзү мерт кеткен.

Андан бери бул кылмыштын жагдайлары белгисиз болуп келет. Шереметти өлтүрүүгө ким буйрук бергени да аныктала элек.

2019-жылы шектүү катары үч адам кармалганы кабарланган. Алар - музыкант Андрей Антоненко, кардиохирург Юлия Кузьменко жана медайым Яна Дугарь күнөөсүз экенин айтып келишет.

Шереметтин жакындары, кесиптештери бул кылмыштын толук ачылганынан шек санашат.

Беларустук оппозициячыл журналист Павел Шеремет көп жылдар бою Орусияда иштеген. Кийин орус бийлигинин жүргүзгөн саясатына макул болбой, Украинага көчүп, “Украинская правда” басылмасында эмгектенип жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG