Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Чек ара жаңжалы: Лейлекте беш кишинин соту болуп жатат


Калабада талкаланган үйлөрдүн бири. Лейлек району.
Калабада талкаланган үйлөрдүн бири. Лейлек району.

Чек арадагы куралдуу жаңжалда кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган беш кишинин иши сотто каралууда. Кезектеги отурум Лейлек райондук сотунда 15-сентябрда болот.

Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын үчөө Кыргызстандын, экөө Тажикстандын жарандары.

"Азаттыктын" жеке булактары кабарлагандай, кыргызстандык үч кишиге кошуна мамлекеттин жарандарына "жардам берген" деген кине тагылууда.

Милиция алардын үстүнөн Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө материалдары сотко өткөн.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG