Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Президент Жапаров Британиянын премьер-министрине көңүл айтты


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго апасынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Апаңыз Шарлотта Жонсон Валь айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Британ премьер-министринин апасы, сүрөтчү Шарлотта Жонсон Валь 79 жаш курагында ооруканада каза болгону кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG