Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Асанов менен Сарыбаевдин бөгөт чарасы сотто каралууда


Курсан Асановду сотко алып келген учуру. 16-сентябрь, 2021-жыл. Бишкек
Курсан Асановду сотко алып келген учуру. 16-сентябрь, 2021-жыл. Бишкек

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга" шектелип кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен "АКБ Толубай" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин бөгөт чарасын карай баштады.

Экөө тең өздөрүнө коюлуп жаткан айыпка макул болушкан жок жана муну "жалаа" деп эсептеп жатышат.

Ички иштер министрлигинин 16-сентябрда тараткан маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат. Анын негизинде 98-беренесине ылайык, шектүү катары 14-сентябрда Курсан Асанов, 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары Жогорку Кеңештин бир нече мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматкерлер суракка алынган. Сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Мунун алдында интернетке Асанов жана Сарыбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда депутат Жанарбек Акаев, ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаевдин дагы аты аталган. Алар аудиону "фейк" деп билдиришкен.
15-сентябрда жети саясатчы сурак берип чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG