Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

ЭлТР "маданият ишмерлеринин каты" тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген материалдын эфирде көрсөтүлүшүнө интернеттеги маалыматтар негиз болгонун билдирүүдө.

Бул тууралуу мекеменин башчысы Эрлан Догдурбеков "Азаттыкка" маалымдады.

"Ал күнү ошол бөлүмдө иштеген журналисттер мага "ушундай маалыматтар түшүп жатат, интернетте дагы аябай көп болуп кетти" деп мага кайрылды. Негизги булагы интернет, жеке баракчаларга көп чыкканына байланыштуу. Ошол жактагы адамдар эмне себептен андай кылып чыгарып жатканын тактоо максатында материал жасап көргүлө дегем. Балдарга ошондой тапшырма бергем. Биз катта жазылган адамдардын ысымдарын алып, кээ бирлери менен байланышып көрдүк. Баары тынчтыкка үндөп, "азыр митингдин кереги жок, ызы-чуудан тажадык деген эле ойлорун айткан. Ал жерде Сонунбү эженин өзүнүн интервьюсу турат. Ал убакта каттын бурмаланып кеткенин бизге айткан эмес. Биздин андай маалыматыбыз жок болчу", - деди Догдурбеков.

Сөз болуп жаткан каттын коомчулукка чыгып кетиши жана анын мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлүшү боюнча буга чейин президенттик администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурай Марстын аты аталган. "Азаттык" ага кайрылганда, комментарий берүүдөн баш тартып, ЭлТРге кайрылууну сунуштады.

Телеканал кайрылуу тууралуу материалды 14-сентябрда көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте да тараган. Анда "Туйгунаалы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

Сурак берген саясатчылардын дээрлик баары ИИМдин аракетин куру доомат катары сыпаттап жатышат. Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда маданий кызматкерлеринин колу коюлган кайрылуунун артында ким турганын аныктап, мыйзам негизинде жаза тартуу талабы коюлган.

Ички иштер министрлиги сурак боюнча 16-сентябрда гана расмий маалымат берди. Анда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатканы айтылат.

Ушундан кийин 15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти.

Каттын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова каттын текстинин түп нускасы бурмаланганын айтууда.

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда маданий кызматкерлеринин колу коюлган кайрылуунун артында ким турганын аныктап, мыйзам негизинде жаза тартуу талабы коюлган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 15-сентбярда бир катар саясатчылардын сурак берип чыгышына байланыштуу расмий маалымат берди. Анда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатканы айтылат. (КЕ/ЕВМ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG