Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Укук коргоо уюмдары Еврошаркетти ооган качкындарын коргоого үндөштү


Оогандык качкындар. Франция, 30-август, 2021-жыл
Оогандык качкындар. Франция, 30-август, 2021-жыл

Укук коргоочу жана качкындар менен алектенген уюмдар Европа биримдигин оогандык качкындарды коргоо аракеттерин күч алдырууга чакырышты. Amnesty International, Caritas Europa баш болгон 22 уюм бейшембиде жарыялаган биргелешкен билдирүүдө шаркет "качкындарды коргоо ишин башкаларга шилтеп салбай, жоопкерчиликти өзү бөлүшүүгө тийиш” деп белгилешти.

Адам укуктарын, качкындардын укуктарын коргогон топтор 27 өлкөнүн башын бириктирген блокту “ооган качкындарын көчүрүү программалары аркылуу, коргоого муктаж эл үчүн коопсуз жолдорду кеңейтүүгө" үндөштү. Шаркет тараптан азырынча эч кандай реакция боло элек.

Биримдиктин башпаанек берүү боюнча агенттиги билдиргендей, ооган жарандарынан түшкөн арыздар көбөйүп жатат. Июлда, Кабул кулай электе эле 7 миңден ашуун киши кайрылган. Алардын миңден көбү жашы жетелек балдар болчу. Июнда берилген арыздардын жарымы четке кагылган.

Өткөн айда “Талибан” уюму Кабулдагы бийликти көзөмөлгө алгандан бери он миңдеген оогандык өлкөдөн чыгып кетти, дагы он миңдегени согуш менен жакырчылык тооруган мекенинен кетүүнү көздөшүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG