Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Эл аралык Валюта фонду Ооганстандагы экономикалык абалга тынчсызданды


Эл аралык Валюта фонду Ооганстандагы экономикалык абалга терең тынчсызданып жатканын билдирди. Уюм бир ай мурун “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы басып алган өлкө “гуманитардык кризиске” жакындап калганын эскертти. Бирок мындай чочулоолорго карабай Эл аралык Валюта фондунун расмий өкүлү Жерри Райс каржы институту “Талибан” түзгөн өкмөт менен кызматташууну жандантпай турганын жарыялады. Райс Вашингтондогу маалымат жыйынында ооган элине жана ооган качкындарын кабыл алган өлкөлөргө жардам көрсөтүү зарылдыгын билдирди.

Ооганстанда бийликти талибдер басып алганга чейин эле Ооганстандын экономикасы абдан оор абалда болчу. Өлкө экономикасынын 40% ашыгы акыркы 20 жыл бою эл аралык жардамдын эсебинен жабылчу. “Талибан” бийликти басып алган соң Ооганстанга жардам берип келген өлкөлөр, каржы институттары 15-сентябрда жардамдардын баарын токтоткон.

Эл аралык коомчулук “Талибан” менен алака түзүү радикал уюмдун адам укуктарын, келишимдерди сактоо боюнча убадаларын аткарышына жараша болорун эскертүүдө. Ушул күнгө чейин "Талибандын" өкмөтүн бир да мамлекет расмий түрдө тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG