Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Темирлан Султанбеков ИИМге суракка чакырылганын билдирди


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылганын "Азаттыкка" билдирди. Сурактын себебинен кабары жок экенин кошумчалады.

Ички иштер министрлиги Султанбековдун сурак тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Акыркы күндөрү бир катар саясатчылар суракка чакырылды. Алардын айрымдары "Кумтөр иши" боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак беришкен.

Ал эми "бийликти күч менен басып алууга" шек саналып Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев кармалып, камакка алынган.

Андан сырткары Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канатбек Исаев, Бакытбек Жетигенов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков ИИМге сурак берип чыгышкан.

Султанбеков 2019-жылдан бери камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Ал “Социал-демократтар” партиясын жетектеп, быйыл 11-июлда Бишкекте өткөн жергиликтүү шайлоого катышкан. Партияга шаардык кеңештеги 45 мандаттын бешөө тийген. Беш депутаттын бири Атамбаевдин уулу.

Султанбеков 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкектеги башаламандык үчүн кармалып, кийин кое берилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG