Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

"Кумтөр голд компани" ишканасы "Центерраны" кутум үчүн айыптады


Алтын казылган жер. Кумтөр. Июнь, 2021-жыл.
Алтын казылган жер. Кумтөр. Июнь, 2021-жыл.

"Камеко" жана "Центерра" "Кумтөр" долбооруна толук көзөмөл кылуу үчүн Кыргызстандын мурдагы бийлиги менен кутумга барганы кабарланды. Бул маалыматты "Кумтөр голд компани" ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда таратты.

Маалыматта "2013-жылы жүргүзүлгөн соттук-экономикалык экспертизанын корутундусу боюнча "Кыргызалтын" ишканасынын "Центеррадагы" үлүшү 58,7 пайызды түзүүгө тийиш эле. Бирок үлүш 25,7 пайызга азайтылып, 33% гана болуп калган. Бул 2013-жылкы баалар менен 171,5 млн. азыркы баалар менен 457,2 млн. доллар болот. Эл аралык юридикалык жана аудитордук мекемелер документтерди жана каржы агымдарына экспертиза жүргүзгөн учурда "Камеко" жана "Центерра Голд" компанияларынын коррупциялык иштери аныкталган. Айрым шектүү төлөмдөр Кыргызстандын аткаминерлерине "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоодогу иши үчүн "ыраазылык" түрүндө жүргүзүлүшү ыктымалдыгы маалым болгон. Тергөөдө жана судьянын өкүмүндө коррупция фактысы аныкталган. "Кумтөр голд компани" ишканасы алтын долбоорунун башынан бери "Центеррага" 1,5 млрд. доллар пайда алып келген. Мыйзамсыз, негизсиз чечимдерди чыгарган айрым жетекчилердин айынан мамлекетке кеминде 900 млн. долларлык зыян келтирилген", - деп жазылган.

16-сентябрда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев дагы Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы тараткан маалыматта "Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзам талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп жазылган.

Жоомарт Оторбаев кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары жетектеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG