Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Рустам Жокоев "Унаа" мекемесинин директору болуп дайындалды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Рустам Жокоев Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал 16-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырылды.

34 жаштагы Жокошев буга чейин "Унаа" мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик "Ала-Арча" паркы" мекемесинин директору болуп турган.

Буга чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесин президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектеп турган. Ал транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн даярдоо боюнча тендерге байланыштуу текшерүүдөн кийин 13-сентбярда кызматтан алынган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, “Унаа” ишканасы быйыл 21-июлда жарыялаган тендердин жыйынтыгы менен транспорт каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктүн бланктары дээрлик эки эсе кымбаттамак. Бланктарды ушундай шартта даярдоо тууралуу 518 миллион сомдук келишим "Госзнак" ишканасы менен түзүлмөк. Президенттин кийлигишүүсүнөн кийин келишимге кол коюлбай калган, ал эми тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Буга чейин Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар конфликти” бар экени айтылган.

Жапаров “Октябрдагы окуялардан кийинки башаламандык учурунда коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырганын”, өзү билген 20дай адамды дароо маанилүү кызматтарга дайындаганын, билдирген. Алардын арасында эки кудасы да бар экенин, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындаларын 2020-жылдын 15-декабрында айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары сөз болуп жаткан мекеменин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG