Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Абдирасулова Курсан Асановдун бөгөт чарасы боюнча бийликке кайрылды


Курсан Асанов бөгөт чарасын кароо үчүн сотко алынып келинген учур. 16-сентябрь, 2021
Курсан Асанов бөгөт чарасын кароо үчүн сотко алынып келинген учур. 16-сентябрь, 2021

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун №50 абакка кармалышына байланыштуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Ачык кайрылуу өлкө президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына, Баш прокурорго, Жогорку Соттун төрайымына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчисине, Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу борборунун директоруна, ИИМдин байкоочу кеңешине жолдонгон.

"Мен бул СИЗОго бир нече ирээт барган укук коргоочу катары, мекемеде коопсуздук маселеси жана кармалгандардын укуктарын сактоо шарттары өтө начар экенин белгилеп кетем. Бул мекемеде кармалып тургандардын укуктары дайым бузулуп, оор шартта кармалып турушат жана алардын коопсуздугуна эч бириңер кепилдик бере албайсынар. Бул жерде кармалып тургандардын арасында Курсан Асанов кызматта кезинде аларга кылмыш ачылып, соттолуп отурушкан жарандар жок деп да эч кимиңер кепилдик бере албайсыңар.
Курсан Асановдун ушул СИЗОго жайгаштырылганы менин өтө жогорку тынчсыздануумду жаратты", - деп жазган укук коргоочу.

Абдирасулова Асановдун бөгөт чарасы кайрадан каралышы керек деп эсептейт.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

16-сентябрда Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, аны Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарды.

Адвакат Чынара Жакупбекова Асановду үй камагына чыгарууну же УКМКнын тергөө абагына которууну өтүнүп Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазды.

№50 абакта өзгөчө оор кылмаш жасагандар, өмүр бою эркинен ажырагандар отурат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, бул Кыргызстандагы жалгыз гана "түрмө" макамына ээ мекеме. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат, камера режиминде кармалат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG