Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр чабуулга кабылды


Шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөрдү коштогон полиция кызматкери. 2021-жылдын июнь айы.
Шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөрдү коштогон полиция кызматкери. 2021-жылдын июнь айы.

Пакистандын түндүк-батышында шал илдетине каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзгөндөрдү коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.

Окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясынын баш калаасы Пешаварга жакын жерде болгон. Медициналык кызматкерлерден эч ким жабыркаган эмес. Жергиликтүү полиция окуя боюнча иликтөө башталганын кабарлады.

Чабуул үчүн дароо жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна алган жок. Адатта шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөргө «Ал-Каида» экстремисттик тобуна байланыштуу согушкерлер кол салып келишет. Алар Батыштын бул программасы балдарды тукумсуз кылууга багытталган деп эсептешет.

Хайбер-Пахтунхва провинциясында беш жашка чейинки алты миллиондон ашуун баланы эмдөө зарыл. Бул полиомелит оорусун 2021-жылдын соңуна чейин толук жок кылууга багытталган жалпы улуттук программанын бир бөлүгү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG