Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Amnesty International Кабулда жай тургундардын өлүмүн толук иликтөөгө чакырды


 Аскердик дрондун чабуулунан көз жумган Земари Ахмадинин кол телефондогу сүрөтү. 13-сентябрь, 2021-жыл.
Аскердик дрондун чабуулунан көз жумган Земари Ахмадинин кол телефондогу сүрөтү. 13-сентябрь, 2021-жыл.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) АКШ куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз учактарынын Кабулдагы чабуулунан жай тургундардын өлүмүн толук иликтөөгө чакырууда. Уюмдун 18-сентябрда тараткан билдирүүсүндө, бул чабуул катачылыктан улам болгонун америкалык аскерлер мойнуна алышы кубатталып, "биринчи жакшы кадам" деп бааланган.

Уюмдун өкүлү Брайан Кастнер "эми Кошмо Штаттары бул окуяны толук, ачык жана бейтарап иликтөөгө тийиш экенин" белгиледи. Ал чабуулдан аман калгандарга келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиштигин айтты.

Буга чейин 29-августтагы учкучсуз учактын чабуулунан Кабулдагы гуманитардык кызматкер Земари Ахмади үй-бүлөсү менен жалпы 10 адам, анын ичинде жети бала курман болгону аныкталган.

Кабул аэропортунан болжолдуу 3 км. аралыкта жасалган чабуулдан жай тургундардын мерт кетүүсүн АКШ Борбордук командачылыгынын генералы Кеннет Маккензи "трагедиялык ката" деп атады. Анын айтымында, Пентагон маркумдардын жакындарына кенемте төлөп берүү маселесин карап жатат. АКШнын коргоо министри Ллойд Остин "бул коркунучтуу катачылык" үчүн кечирим сурап, окуяны толук иликтөөнү тапшырганын айтты.

АКШ жана өнөктөштөрү Ооганстандан аскерлерин чыгара баштагандан тартып күч алган "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы 15-августта Кабулду басып алган.

26-августта Кабул аэропортуна "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жанкечтиси кол салып, 140 адамдын өмүрүн кыйган. Арасында 13 америкалык аскер өлгөн. Генерал Маккензи 29-августтагы аскердик дрондун чабуулу террордук уюмдун чабуулунун алдын алуу максатында, катачылык менен жасалганын журналисттерге 17-сентябрда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG